Евро – 2024: Калыстардын тизмеси жарыяланды

Автор

Европа футбол ассоциацияларынын биримдигинин (УЕФА) басма сөз кызматы 2024-жылы Германияда өтө турган Европа чемпионатынын матчтарында иштей турган калыстардын тизмесин жарыялады.
УЕФА менен Түштүк Америка футбол конфедерациясынын (КОНМЕБОЛ) кызматташтыгынын алкагында аргентиналык калыс Факундо Телло жана анын эки жардамчысы Европа чемпионатында иш алып барары белгиленген.
Футбол боюнча Европа чемпионаты 14-июндан 14-июлга чейин Германияда өтөт.
Европа чемпионатынын матчтарын төмөндөгүлөр тейлейт:
Артур Соареш Диаш (Португалия), Хесус Гил Манзано (Испания), Марко Гида (Италия), Иштван Ковач (Румыния), Иван Крузляк (Словакия), Франсуа Летексие (Франция), Дэнни Маккели (Нидерланды), Шимон Марчиняк (Польша), Халил Мехлер (Түркия), Глен Нюберг (Швеция), Майкл Оливер (Англия), Даниэле Орсато (Италия), Сандро Шерер (Швейцария), Даниел Сиберт (Германия), Энтони Тейлор (Англия), Клемент Тюрпин (Франция), Славко Винчич (Словения) жана Феликс Цвейер (Германия).

Бөлүшүү:
Next Post

Саясатчы 15-майга чейин сотко кайрылат

Өткөн жумада камактан бошогон Жогорку Кеңештин экс-депутаты Адахан Мадумаров Бишкектин 1-май райондук соту чыгарган өкүмүнө каршы Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз менен 15-майга чейин кайрылат . Ал мындай маалыматты Телеграмдагы өздүк баракчасына жарыялады. Эл өкүлү өкүмдүн көчүрмөсүн 16-апрелде гана колуна алганын жазып, “мыйзам талаасында иш алып барабыз”,- деп билдирген. Адахан […]

Сизге жагышы мүмкүн