Евро-2024: Италия Хорватиядан тең чыгуу менен плей-оффко чыкты

Автор

Италия Хорватия менен 1:1 эсебинде тең чыгып, Евро-2024 плей-оффко жолдомо алды
Хорватия курама командасы 2024-жылы Германияда өтүүчү Европа чемпионатынын тайпалык этабынын үчүнчү оюнунда Италия курама командасы менен тең ойноду.
Жолугушуу «Ред Булл Арена Лейпциг» стадионунда өтүп, 1:1 эсеби менен аяктады. Биринчи голду 55-мүнөттө жарым коргоочу Лука Модрич киргизди. Экинчи таймга кошулган сегизинчи мүнөттө жарым коргоочу Маттиа Закканьни эсепти теңеп, Италиянын эсебин тең тартты.
Ошентип Италия төрт упайга ээ болуп, Евро-2024 плей-оффуна экинчи орундан кирди. Лидер болуп тогуз упайга ээ Испания турат. Хорватия эки упай менен үчүнчү орунда. Команда башка тайпалардын беттештеринин жыйынтыгын күтүү менен плей-оффко чыгуу мүмкүнчүлүгүн сактап калат.
Буга чейин А тайпасынан плей-оффко Германия менен Швейцариянын командалары өткөн. Алардын атаандаштары кийинчерээк аныкталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Жулиан Ассанж Британиядагы түрмөдөн бошотулду

WikiLeaks сайтын негиздөөчүсү Жулиан Ассанж Британиядагы катуу режимдеги Белмарш түрмөсүнөн бошотулду. Бул тууралуу WikiLeaks социалдык тармактагы X аккаунтунда кабарлады. Кабарда Лондон Жогорку соту Ассанждын күрөө менен бошотулганын белгиленет. Ал Станстед аэропортунан Австралияга учуп кеткен, ал жерде аялы жана балдары менен жолугушат. Бошотуу кабарынан мурда, Ассанж АКШнын Юстиция министрлиги менен жарым-жартылай […]

Сизге жагышы мүмкүн