Евро -2024: Испания футбол боюнча Европа чемпиону болду

Автор

Испания төртүнчү жолу футбол боюнча Европа чемпиону болду. Испания курама командасы Евро-2024 финалында Англияны 2:1 эсебинде утуп алды.
Эки команда биринчи бөлүктө эсеп санын ача алышкан жок. Экинчи бөлүктүн башында испаниялык чабуулчу Иньяки Ульямс эсеп санын ачты. Анын артынан көп өтпөй англиялыктар эсепти теңеди.
87- мүнөттө Микель Оярсабаль гол киргизип, оюн 2:1 эсебинде аяктады. Муну менен
Испания төртүнчү жолу Европа чемпиону болду, бул Европанын бардык командаларынын арасында рекорд. Буга чейин испаниялыктар 1964, 2008 жана 2012-жылдары жеңишке жетишкен. Англия Евро финалда экинчи жолу катары менен утулуп калды.

Бөлүшүү:
Next Post

Кызым келди

1993-жылы керемет инсан Чыныбай Турсунбековдун жөлөк, таягы менен окууга жөнөдүм. Кеч күз эле. Көйнөгү жыртылган жалбырактар талында дирилдейт. Мен болсо, албууттанган дайрада ары бери чайпалган кайыктаймын. 30 жылдан кийин былтыр ушул күнү кызымы “кыргызга алтын колдуу дабаагер бол”,- деп алыскы Маскөөгө аттандырдым. Анда да, Бишкек албууттанып, көк асманда кылычын жаңсап […]

Сизге жагышы мүмкүн