Евро -2024: Испания курама командасы финалга чыкты

Автор

Испания курама командасы футбол боюнча 2024-жылкы Европа чемпионатынын жарым финалдык беттешинде Францияны утуп алды.
Жолугушуу 2:1 эсебинде испаниялы

ктардын жеңиши менен аяктаган. Франциялык Рандал Коло Муани 9-мүнөттө гол киргизди. Биринчи таймда да испандар алгач Ламин Ямалдын аракети менен эсепти калыбына келтирип, андан кийин Дани Олмонун голунан кийин алдыга чыгышты.
Испания курама командасы финалдагы атаандашын 10-июль шаршемби күнү аныктайт. Бул күнү Англия экинчи жарым финалда Голландия менен ойнойт.
Эске салсак, футбол боюнча Европа чемпионаты 14-июндан тарта Германияда өтүп жатат. Финалдык беттеш жекшемби күнү, 14-июлда Берлиндеги Олимпиастадиондо өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Лаззат Нуркожоеванын жигити кармалды

Президент Садыр Жапаровдун басма сөз катчысы Аскат Алагөзов фейсбук баракчасы аркылуу Лаззат Нуркожоеванын жигити кармалды деген маалымат боюнча комментарий берди. Ал президенттин инисинин кызынын жигити укук коргоо органдары тарабынан кармалганын тастыктаган. «Бул жигиттин башкы максаты өзүнүн мыйзамсыз иш аракеттерин жашыруу үчүн жогорку бийликтегилерден калкалоочу адамдарды (“крыша”) табуу болгону ачыкталды деп […]

Сизге жагышы мүмкүн