Евро-2024: Жарым финалда беттешчү курамалар аныкталды

Автор

Европа чемпионатынын 1/4 финалы жыйынтыкталды. Англия менен Швейцариянын беттеши негизги жана кошумча убакыт берилгенде 1:1 эсебинде аяктады. Ал эми пенальтилер сериясында 5:3 эсебинде англичандар жеңишке жетти.
Ал эми Берлиндеги “Олимпиаштадион” стадионунда Нидерланддардын курама командасы Түркия менен кез келди. Оюн 2:1 эсебинде Нидерландиянын утушу менен соңуна чыкты.
Эми алдыдагы жарым финалда Англия Нидерландия менен беттешсе, Испания Франция менен ойнойт. Евро-2024 мелдешинин 1/2 финалы 9-10-июлда өтөт.

Бөлүшүү:
Next Post

Орбан Кытайга сапарын “тынчтык миссиясы 3.0” деп атады

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан Пекинге келди. Анын пресс-катчысы Берталан Хаваши Орбан “тынчтык миссиясы” менен келгенин билдирди. «Премьер-министр Виктор Орбандын тынчтык миссиясы уланууда. Өкмөт башчысы дүйшөмбү эртең менен Пекинге келди. Күн ичинде Виктор Орбан Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушат»,-деди Хаваши. Орбан өзү X социалдык тармагында аэропорттон сүрөт жарыялап, […]

Сизге жагышы мүмкүн