Евро-2024: Германия курамасы плей-оффко чыкты

Автор

Германияда өтүп жаткан футбол боюнча Европа чемпионатында 2-тур оюндары уланып жатат.
Германия курама командасы Евро-2024 турниринин А тайпасынын 2-турунда Венгрияны 2:0 эсебинде утуп алды. Жамал Мусиала менен Йылкай Гүндогандын голдору менен немистер ыңгайлуу артыкчылыкка жетишти.
Ошентип, Юлиан Нагельсмандын командасы эки беттешүүдө алты упайга ээ болуп, өз тайпасында алдыңкы орунга чыкты.

Бөлүшүү:
Next Post

21-июнда күтүлгөн аба ырайы

21-июнда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 18…23, күндүз 31…36; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 12…17, күндүз 22…27; Нарын облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 24…29 градус жылыйт. Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз өткүн […]

Сизге жагышы мүмкүн