Евро-2024: Бүгүн Европа чемпиону аныкталат. Англия – Испания!

Автор

Бүгүн, 14-июлда Европа чемпионатынын чечүүчү беттешинде англиялыктар испандар менен кез келет. Оюн Берлиндеги Олимпиада стадионунда өтмөкчү.
Футболчулар жана көрүүчүлөр Кыргызстан убактысы боюнча саат 01:00дө старт ышкырыгын угат.
Эскерте кетсек, Испания биринчи финалист болуп, 1/2-орунда Франциянын командасын жеңип алган. Англия финалга чыгуу үчүн Голландиядан жеңишти утуп алган
Белгилей кетсек, Европа чемпионаты 14-июнда башталган. Ага жалпысынан 24 команда катышты.

Бөлүшүү:
Next Post

Ош шаарынын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Ош шаарынын аймагында бүгүн, 14-июль күнү катуу жааган жаандан улам сел кесепеттерин жөнгө салганга чейин жана жай мезгилиндеги туруксуз аба-ырайына байланыштуу Ош шаарынын аймагына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка караганда, Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигеновдун тапшырмасына ылайык, кырдаалды жоюу үчүн тиешелүү аракеттер жумшалып, Ош шаарынын жарандык […]

Сизге жагышы мүмкүн