Евро -2024: Биринчи оюнда Германия менен Шотландия беттешет

Автор

Бүгүн төрт жылда бир өтүүчү Европа чемпионаты Германияда башталат. Европадагы башкы трофейи үчүн алтымышка жакын мамлекет тирешип, тандалып отуруп 24 өлкө кыл чайнашка чыкты.
Алгачкы тиреш керемет жаратылыш курчаган Мюнхендин “Альянц Арена” стадионунда, Европанын чемпиондук чокусун 3 жолу багындырган талаа ээлеринин «Бүркүттөрү» менен Шотландиянын «Тартан армиясы» беттешке чыгат.
Турнирдин биринчи оюну Бишкек убактысы боюнча 01:00дө башталат.
Эске салсак, Европа чемпионаты 14-июндан 14-июлга чейин өтөт. Турнирдин беттештери Германиянын 10 стадионунда болот.

Бөлүшүү:
Next Post

15-июнда күтүлгөн аба ырайы

15-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 29…34; Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 26…31; Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн […]

Сизге жагышы мүмкүн