Евро -2024: Англия Голландияны жеңип, финалга чыкты

Автор

Англия курама командасы футбол боюнча Европа чемпионатынын жарым финалында Голландия командасын 2:1 эсебинде жеңишке жетишип, финалга чыкты.
Дортмунддагы жолугушуу 2:1 эсеби менен аяктады. Жеңүүчүлөр пенальтиден гол киргизген Гарри Кейн (18) жана Олли Уоткинс (90+1) голдорун киргизишти. Голландиядан Хави Симонс (7) гол киргизди.
Англия курамасы өз тарыхында экинчи жолу Европа чемпионатынын финалына чыкты. Евро-2020да британиялыктар чечүүчү беттеште италиялыктарга утулуп калды (1:1, 2:3 пенальти).
Белгилей кетсек, Берлинде Евро-2024 финалында Англия Испания менен ойнойт. Жолугушуу жекшемби күнү, 14-июлда болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Айгүл Жапарова Беларуска келди

Кыргызстандын Биринчи айымы Айгүл Жапарова 10-июлда «Славян базары» Эл аралык искусство фестивалынын алкагында маданий иш-чараларга катышуу үчүн Беларуска келди. Иш сапардын жүрүшүндө ошондой эле жогорку деңгээлдеги бир катар эки жактуу жолугушууларды өткөрүү пландалууда. Минск шаарынын Улуттук аэропортунан мамлекет башчысынын жубайын Беларустун эмгек жана социалдык коргоо министри Наталия Павлюченко тосуп алды. […]

Сизге жагышы мүмкүн