Евро-2023 (U-21): Европа чемпионатынын эң кымбат футболчулары аталды

Автор

Грузия менен Румыниянын футбол талааларында жаштар арасындагы Евро-2023 (U-21) старт алды. Бул турнирге келген оюнчулардын арасынан эксперттер эң кымбат оюнчулардын тизмесине кирген 10 оюнчуну аныкташты.

Кымбат жаш оюнчулардын рейтингинин сап башында  украиналык Михаил Мудрик («Челси») жана италиялык Сандро Тонали («Милан») турат. Эки оюнчунун базар баасы 50 миллион еврого бааланган.

Учурдагы Европа чемпионатында эң кымбат баалуу 10 оюнчунун катарына төмөнкүлөр кирет:

 

  1. Джейкоб Рэмси (Англия, Астон Вилла) 42 миллион евро

 

  1. Джорджио Скальвини (Италия, Аталанта) – 40 миллион евро.

 

  1. Морган Гиббс-Уайт (Англия, Ноттингем Форест) – 40 миллион евро.

 

  1. Мишель Олизе (Франция, Кристал Палас) – 38 миллион евро;

 

  1. Харви Эллиотт (Англия, Ливерпуль) – 35 миллион евро;

 

  1. Эмил Смит-Роу (Англия, Арсенал) – 35 миллион евро;

 

  1. Энтони Гордон (Англия, Ньюкасл) – 35 миллион евро;

 

  1. Амин Гуири (Франция, Ренн) – 35 миллион евро

 

Белгилей кетсек, Евро-2023 жаштар чемпионаттынын  финалдык беттеши (U-21) 8-июлда болот.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүн Эл аралык Олимпиада күнү

Эл аралык Олимпиада комитетинин чечими менен жыл сайын 23-июнда Эл аралык Олимпиада күнү белгиленип келет. Дүйнө жүзү боюнча олимпиадалык кыймылга арналган атайын майрамды уюштуруу идеясы биринчи жолу 1947-жылы Стокгольмдогу (NOC) 41-сессиясында, андан бир жыл өткөндөн кийин Сент-Мориц шаарында 42-Эл аралык Олимпиада Комитетинде жарыяланган. сессиясында расмий кабыл алынган Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн