Европа тынчтык фонду Украинага аскердик колдоо көрсөтүү үчүн 10 миллиард евро бөлдү. Бул тууралуу Евробиримдиктин жогорку өкүлү Жозеп Боррелль билдирди.
Евробиримдиктин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, ЕТФга мүчө мамлекеттер 10 миллиард евро өлчөмүндөгү эсеп-фактураларды тапшырышкан. Бул акча украин армиясын өнүктүрүүгө жана колдоого жумшалат. Бир нече өлкөлөр F16 согуштук учактары үчүн учкучтарды окута баштады.