Бельгия Сирияда бийлик алмашкандан кийин өлкө “коопсузбу” деген маселе чечилмейинче, сириялыктарга башпаанек берүү процессин токтотту. Өлкөнүн Качкындар жана жарандыгы жок адамдар иштери боюнча генералдык комиссариаты Сириядан чыккан адамдарга качкын статусун берүү боюнча бардык процедураларды токтоткон.
Буга чейин Евробиримдиктин бир катар башка өлкөлөрү, Австрия жана Германия сириялыктарга качкын статусун берүүнү токтоткон. Күтүлгөндөй, Сирияга байланыштуу миграциялык маселелер Евробиримдиктин ички иштер министрлеринин 12-декабрда Брюсселдеги жыйынында талкууланат.
Дания менен Норвегиянын бийликтери да сириялык качкындардын башпаанек сураган арыздарын кароону токтотуп жатат.