Европа Биримдиги Украинага Россиянын тоңдурулган активдеринен бөлөт

Автор

Европа Биримдиги июль айында Украинага Россиянын тоңдурулган активдеринен 1,5 миллиард евро бөлүүнү пландап жатат. Бул акчанын 90 пайызы Украина коргоо күчтөрүн чыңдоого, 10 пайызы өлкөнү калыбына келтирүүгө жумшалат. Бул тууралуу Берлиндеги эл аралык конференцияда Европа Комиссиясынын (ЕК) төрайымы Урсула фон дер Ляйен билдирди.
Май айында ЕС өлкөлөрү Россиянын активдерин Украина пайдасына конфискациялоо жол-жобосун бекитишкен. Чехиянын тышкы иштер министри Ян Липавскийдин маалыматы боюнча, бул схема 3 миллиард евро каражат алууга мүмкүндүк берет.

Бөлүшүү:
Next Post

Быйыл Кыргызстанга 10,5 миллион турист келери күтүлүүдө

Быйыл Кыргызстанга 10,5 миллион турист келери күтүлүүдө. Бул тууралуу туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондунан билдиришти. Белгилеп кетсек, өлкөгө эс алуучулардын көбү Өзбекстан, Россия жана Казакстандан келет. Андан тышкары, КМШ, Европа, Түштүк-Чыгыш Азия жана араб өлкөлөрүнөн келген туристтер дагы бар. Эске салсак, 2023-жылы Кыргызстанга 8,5 миллион чет элдик келге Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн