Европа адам укуктарын коргоо уюму өз ишин баштады

Автор

Сириянын жаңы лидери Эбу Мухаммед Жолани качкын президент Башар Асаддын Эл аралык сотто сурак бериши керектигин билдирди. “Ал миңдеген адамдарды кыйнаган. Айрымдарын пресстөөчү станоктор менен өлтүргөн. Кыйноонун 27 түрүн көрсөткөн. Эл аралык сот муну сөзсүз териштириши керек. Ал эми Седнейе түрмөсү музейге айланат, бүт инсандык анын кордуктарын көрүшү керек”,- деди.
Учурда Сирияда Европа адам укуктарын коргоо уюму өз ишин баштап, кыйноого кабылгандар, жакындарын жоготкондор жана зордукталгандар менен кеңири иш алып барууда. Жаңы бийлик Седнейе түрмөсүндө кыйноого алгандарды аныктоо ишин баштады.

Бөлүшүү:
Next Post

Башкы прокуратура эки кылмыш ишин козгоду

Атмосфералык абанын булганышы боюнча мыйзам бузуулар аныкталып, Башкы прокуратура тарабынан эки кылмыш иш козголду. Белгилүү болгондой, башкы көзөмөл органы айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүп, Чүй облусунун Аламүдүн районунун Башкара-Суу айылындагы «ИГ» жана «Б» жоопкерчилиги чектелген коомдорго таандык болгон кыш заводдор тиешелүү мамлекеттик экологиялык корутундусуз иштеп жатышкандары аныкталган. […]

Сизге жагышы мүмкүн