Европарламент Киевге 50 миллиард евро бөлүүнү колдоду

Автор

Европарламенттин депутаттары Еврокомиссиянын Украинага 2027-жылга чейин 50 миллиард евро өлчөмүндө жардам көрсөтүү үчүн каржылоо механизмин түзүү долбоорун колдошту.
Маалыматка ылайык, депутаттар механизмди да, жаңы бюджетти да тезирээк бекитүүгө чакырышты. Парламентарийлер ошондой эле негизги талаптардын бири катары Украинаны калыбына келтирүү үчүн жаңжалга түздөн-түз тиешеси бар Россия же башка юридикалык же жеке жактардын активдерин пайдаланууну сунушташты. Мындан тышкары, алар алдамчылык, коррупция, кызыкчылыктардын кагылышы жана Украинадагы Евробиримдиктин каражаттарын пайдалануудагы мыйзам бузуулар менен күрөшүү боюнча жоболорду күчөтүүнү сунушташты.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте самбо боюнча Дүйнө биринчилиги башталды

Бүгүн, 6-октябрь күнү Бишкектеги “Газпром балдарга” ден-соолукту чыңдоо борборунда самбо боюнча жаштар арасында Дүйнө биринчилиги старт алды. Мелдешке жалпы 26 мамлекеттен – Испания, Марокко, Монголия, Азербайджан, Румыния, Мексика, Латвия, Армения, Иордания, Грузия, Боливия, Колумбия, Нидерланды, Молдавия, Италия, Сербия, Өзбекстан, Греция, Түркмөнстан, Казакстан, Болгария, Франция, Египет, Россия жана Беларустан жалпы 400дөн […]

Сизге жагышы мүмкүн