Европарламент Армения менен мамилени чыңдоону караган резолюция кабыл алды. Документти 504 депутат колдоп, төртөө гана каршы, дагы 32си калыс добуш берди.
Текстте Арменияга Евробиримдикке кирүүгө талапкер статусун берүү, Ереванга Баку менен болгон жаңжалды жөнгө салууга жардам берүү жана өлкөнүн эгемендигине коркунуч келтирген өлкөлөргө каршы санкцияларды киргизүү сунушталат.
Буга чейин Ереванда Армения ЖККУдан чыга турганы айтылган. Кремль Армения менен ЖККУга мындан аркы мүчөлүк маселеси боюнча диалогго даяр экенин билдирген.