Европарламентке шайлоо башталат

Автор

Евробиримдиктин (ЕБ) 27 өлкөсүндөгү шайлоочулар европалык саясаттагы күчтөрдүн тең салмактуулугун өзгөртө турган шайлоолорго добуш беришет.
6-июндан баштап добуш берүү укугу бар 373 миллионго жакын европалык Европарламенттин 720 мүчөсүн шайлоо үчүн добуш берүүгө барат.
Бейшемби күнү Нидерландия, жума күнү Ирландия менен Мальта, ишембиде Латвия менен Словакия добуш берет. Евробиримдиктин көптөгөн өлкөлөрүндө добуш берүү жекшемби күнү, 9-июнда өтөт.
Көпчүлүк өлкөлөрдө 18 жаштан, Грецияда 17 жаштан, Германияда, Австрияда, Бельгияда жана Мальтада 16 жаштан баштап добуш бере алышат.
Евробиримдиктин калкы эң көп өлкөсү Германия 96, Франция 81, Мальта, Кипр жана Люксембург алтыдан орун алат.

Бөлүшүү:
Next Post

7-июнда күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 7-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Талас облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Бийик тоолорго кар түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы: Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 29…34; Таласта түнкүсүн 8…13, күндүз 26…31 Баткен облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз […]

Сизге жагышы мүмкүн