Европада Украинага аскер жөнөтүү жагы талкууда

Автор

Европа өлкөлөрү согуш токтогондон же токтотулгандан кийин Украинага аскердик контингент жөнөтүү маселесин талкуулап жатышат. Бул тууралуу Reuters агенттиги кабарлады.
Маалыматтарга ылайык, мындай миссиянын минималдуу курамы 40 миң жоокерди түзүшү мүмкүн. Бирок Украинаны «орус агрессиясынан» коргоо үчүн 100 миң аскер керек болушу мүмкүн деп эсептешет. Негизги контингентти Германия, Улуу Британия, Франция, Италия жана Польша сыяктуу беш-сегиз өлкөнүн аскерлери түзүшү мүмкүн.

Бөлүшүү:
Next Post

Израилдин мусулман аскерлери

Израилдин куралдуу күчтөрүнда 2 миңден ашуун мусулман аскерлери бар. Мындай маалыматты Түркиянын ТГРТ (TGRT) каналы маалымдады. Израилдин Еврей болбогон мусулман аскерлери төмөндөгү улуттардан куралган. – Мусулман араптар – Христиан араптар – ⁠Дүрзи уруулар – ⁠Нежеф бедевилери – ⁠Израилдик черкездер. Израил мусулман аскерлерин Сирия менен Ливан чегиндеги Голан дөңсөөсүнө жайгаштырган. Аларды […]

Сизге жагышы мүмкүн