“Улуу Британиядагы талаа жумуштары үчүн 7 саатта 26 миң адам кайрылган. Бул негизи жакшы. Адамдар иштеп, жашоо шартын оңдоп, үй алып, жакшы жашоого умтулуп жатышат”,- деди депутат Дастан Бекешев бүгүнкү жалпы жыйында.
Ошол эле кезде виза алуу боюнча көйгөйлөр жаралып жатканын айтты. “Польшада биздин элчилик да, консулдук кызматы да, жок экен. Европага жумушка баруучулар Алматага барып, ал жерде кээде иштери бүтпөй кыйналып жатышат. Керек болсо, кордолгон учурлар бар. Андыктан, визаны бизден алууга шарт түзүп берүү жагын караштыралы”,- деди депутат.