TikTok социалдык тармагы санариптик кызмат көрсөтүүлөр мыйзамын бузуулар боюнча текшерилет. Атап айтканда, балдар зыяндуу мазмундан канчалык корголгон жана жарнама канчалык ачык экени аныкталат.
Белгилей кетсек, Евроаймактагы социалдык тармактар боюнча мыйзам долбоору 17-февралда күчүнө кирген. Документ ири платформаларды коопсуз онлайн чөйрөсүн түзүү үчүн мазмунду жөнгө салууга милдеттендирет. Ал буга чейин Google, Meta, Apple, Amazon, X жана башкалар сыяктуу 19 санариптик гигантты камтыган.