Еврокомиссияны жетектегиси келген Урсула фон дер Ляйенди татаал сүйлөшүүлөр күтүп жатат

Автор

Европа Биримдиги (ЕБ) Комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйенди татаал процесс күтүп жатат. Анткен менен немис саясатчысынын дагы 5 жыл бою Биримдиктин эң маанилүү позициясын сактап калары күтүлүүдө.
Шайлоодон кийин парламентте орундардын бөлүштүрүлүшү такталган соң, кийинки 5 жылда таасирдүү боло турган адамдарга көңүл бурулду. 27 мүчөлүү ЕБде эң маанилүү кызматтардын бири Еврокомиссиясынын жетекчилиги болуп саналат. Мыйзамдарына ылайык, ЕБ Комиссиясынын төрагасы же төрайымы мүчө мамлекеттердин лидерлеринин макулдашуусу менен тандалат. Бул кызматты дагы бир мөөнөткө аткарууга чечкиндүү болгон саясатчы айымдын партиясы эң көп орунду алганы менен, кайра жетектөөсү үчүн ЕБ лидерлеринин көпчүлүгүнүн колдоосу жана 720 орундуу парламентте өткөрүлө турган добуш берүүдө 361 добуш алышы керек. Жеңип алган 186 орун фон дер Ляйендин ишин жеңилдетсе да, кепилдик бербейт.
Бул жолу союз түзүү оңой болбойт. 2019-жылдагыдай кырдаал кайрадан келип чыкса Урсула фон дер Ляйенге оңчул же солчул топтор менен союз түзүү зарыл болушу мүмкүн.

Бөлүшүү:
Next Post

14-июнда күтүлгөн аба ырайы

Эртең, 14-июнда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Ош облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтөт. Абанын температурасы: Чүй облусунда түнкүсүн +11…+16, күндүз +26…+31, Талас өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +24…+29, Баткенде түнкүсүн +15…+20, күндүз +33…+37, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +16…+21, күндүз +31…+36, Ысык-Көл […]

Сизге жагышы мүмкүн