Еврокомиссиянын төрайымы, Бельгиянын, Италиянын жана Канаданын премьер-министрлери, Жорж Мелони, Жастин Трюдо, Александр Де Кроо, ошондой эле Улуу Британиянын министрлер кабинетинин мурдагы башчысы Борис Жонсон согуштун эки жылдыгына карата Украинага келишти. Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен “Азыр биз Украина тарапта болуп көрбөгөндөй бекем турабыз. Финансылык, экономикалык, аскердик, моралдык жактан. Өлкө толук эркиндикке жеткенге чейин”,-деп жазган ал X социалдык тармагында.