Еврокеңеш Грузиянын ЕБге кирүүсү токтотулганын тастыктады

Автор

Еврокеңеш Грузия өкмөтүнүн аракеттери европалык баалуулуктарга жана принциптерге карама-каршы келээрин белгилеп, өлкөнүн Евробиримдикке кирүү процесси токтотулганын билдирди. Бул тууралуу Брюсселде өткөн саммиттин жыйынтыгында жарыяланган Еврокеңештин билдирүүсүндө айтылган.
«Еврокеңеш мындай кадамдар Грузиянын европалык жолун коркунучка алып келет»,-деп айтылат билдирүүдө.
Грузиянын Батыш өлкөлөрү менен болгон мамилеси май айында грузин парламенти чет элдик агенттер жөнүндө мыйзамды жактыргандан кийин бузулган. Бул документ парламент тарабынан өлкөдөгү массалык нааразычылыктарга карабастан колдоо тапкан. Грузиянын президенти Саломе Зурабишвили мыйзамдын ишке киришин Конституциялык сот аркылуу токтотууга аракет кылган, бирок сот анын өтүнүчүн четке каккан.
Евробиримдик Грузия менен визасыз режимди токтотуу мүмкүнчүлүгүн карап жатат.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте айыл чарба министрлигине жаңы техникалар тапшырылды

Бүгүн 18-октябрда айыл чарба кызматкерлеринин күнүнө карата «АгроТехЭкспо-2024» агроөнөржай көргөзмөсү өтүп жатат. Иш-чарага президент Садыр Жапаров жана Министрлер Кабинетинин бир катар мүчөлөрү катышууда. Бул тармакка жалпы 68 ар түрдүү техника берилди. Анын ичинен 40 жеңил унаа, 28 оор техника өз ээлерин тапты. Атайын техникалар Суу чарба, айыл чарба жана кайра […]

Сизге жагышы мүмкүн