“Евровидение” сынагынын уюштуруучулары Украинанын президенти Владимир Зеленскийге иш-чаранын финалында видеобайланыш аркылуу сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк бербей коюшту. Маалыматка караганда, Зеленский 160 миллиондук аудиторияны Украинаны колдоону улантууга чакыргысы келген. Бирок сынактын уюштуруучусу Европа телерадиоберүү биримдиги (EBU) украин лидеринин өтүнүчүн мактоого арзырлык ниет менен болсо да иш-чаранын эрежелерине карама-каршы келерин билдирди.
“Евровидение” – эл аралык оюн-зоок ыр сынагы. Анын түзүлгөндөн бери калыптанып калган катуу эрежелери жана принциптери бар.