Евробиримдиктин өлкөлөрү Украина менен Молдованын алардын мүчөлүгүнө кабыл алынышы боюнча расмий сүйлөшүүлөрдү 25-июнда баштоого ниеттенүүдө. Бул тууралуу “Politico” гезити беш дипломатка шилтеме берип кабарлады.
Евробиримдикке мүчө өлкөлөр бул ниетин 2023-жылы декабрда билдиришкен, бирок Венгриянын пикир келишпестигинен улам кийинкиге калтырылган.
Шар Май 22 , 2024
Жалал-Абадда кооптуу аймакта жашаган үй-бүлөлөр көчүрүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кыргызстандын аймагында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеев тарабынан кооптуу аймакта жайгашкан үй-бүлөлөрдү коопсуз жайга көчүрүү тапшырмасы коюлган. Буга чейин аталган аймактагы 14 үй-бүлө көчүрүү комиссиясы тарабынан коопсуз аймакка убактылуу көчүрүлгөн, бирок, жумушчу […]