Евробиримдик Украинага 5 миллиард евро бериши мүмкүн

Автор

Евробиримдик Украинага 2024-жылы 5 миллиард евро аскерий жардам бөлүү боюнча келишимге жетиши мүмкүн экенин  Евробиримдиктин дипломатиялык бөлүмүнүн башчысы Жозеп Боррелль 27 өлкөнүн тышкы иштер министрлеринин бейформал жолугушуусунан кийин Киевде өткөн басма сөз жыйынында билдирди.
«Биз Евробиримдик менен Украинанын коргонуу өнөр жай тармагындагы кызматташтыгын чыңдап жатабыз. Бир нече күн мурда Киевде маанилүү жолугушуу болгон.  Биз кибер чөйрөдө, жалган маалымат сыяктуу гибриддик коркунучтарга каршы күрөштө, ошондой эле стратегиялык коммуникацияларды өнүктүрүүдө кызматташтыкты бекемдейбиз.  Миналарды тазалоого колдоо көрсөтүү абдан маанилүү, бул калыбына келтирүүнүн негизги шарты»,-деп баса белгиледи европалык дипломат.

Бөлүшүү:
Next Post

 Президент Коргоо министрлигинде кадрлык өзгөртүүлөрдү жасады

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемелерге ылайык, Коргоо министрлигинде бир катар дайындоолор болду. Ага ылайык, Эрлис Тердикбаев мурда ээлеген кызматынан бошотулуп, коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Руслан Мукамбетов Куралдуу Күчтөрдүн башкы штабынын башчысы – коргоо министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Акылбек Ибраев коргоо министринин орун басары кызматынан […]

Сизге жагышы мүмкүн