Евробиримдик Россиянын жаңы аймактарындагы шайлоону тааныган жок

Автор

Европа Биримдиги Крымда жана Россиянын жаңы аймактарында шайлоолорду өткөрүү фактысын жана анын жыйынтыктарын тааныбайт.  Бул тууралуу европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Боррелль билдирди.
Ал Россиянын саясий жетекчилиги жана шайлоону уюштурууга тиешеси барлар бул мыйзамсыз аракеттердин кесепеттерине туш болорун эскертти.
Россияда бирдиктүү добуш берүү күнү 10-сентябрда аяктаган.  Ар кандай деңгээлдеги шайлоолор 85 аймакта, анын ичинде мыйзам чыгаруу жыйындарында өттү.  26 аймакта жетекчилер – 21де түз добуш берүү жолу менен, дагы 5 аймакта – парламентте добуш берүү аркылуу шайланды.

Бөлүшүү:
Next Post

“Ак шумкарлар” Кувейт курамасын  3:1 эсебинде жеңди

Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы кечээ  Кувейт  футболчулары менен жолдоштук беттеште 3:1 эсебинде жеңишке жетишти. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди. Маалыматка ылайык, жолдоштук беттеш кечээ,  11-сентябрда  “Севенс” стадионунда өттү.  Кыргыз курамасынын  голдорду 43-мүнөттө Гүлжигит Алыкулов  жана Жоэль Кожо 70чи – 88- мүнөттө гол киргизип жеңишти камсыз кылды. Эске салсак, […]

Сизге жагышы мүмкүн