Евробиримдик Россияга каршы 12-санкция пакетин кабыл алды

Автор

Евробиримдик Россияга каршы 12-экономикалык санкция пакетин кабыл алды. Анда алмаздын импортуна тыюу салуу жана Россия Федерациясына айрым товарларды жана технологияларды реэкспорттоого чектөө киргизилет.
Санкциялардын жаңы пакети Россиядан алмаз ташып келүүгө, сатып алууга жана берүүгө тыюу салууну камтыйт. Бул чара 2024-жылдын 1-январынан тарта россиялык өндүрүштүк эмес табигый жана синтетикалык алмаздарга, ошондой эле алмаз зер буюмдарына тиешелүү.
2024-жылдын 1-мартынан 1-сентябрына чейин Евробиримдик акырындык менен россиялык алмаздарды үчүнчү өлкөлөрдө кайра иштетүүдө, бриллианттар менен зер буюмдарды алып кирүүгө тыюу салат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда Газа секторунун элине жардам берүү үчүн атайын эсеп ачылды

Кыргызстандын Финансы министрлиги Газа секторунун элине жардам берүү үчүн акча каражаттарын топтоого атайын мультивалюталык эсеп ачты. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Реквизиттери: Алуучунун банкы: “Айыл Банк” ААК ИНН 41002202310503 БИК 135039 ОКПО 31816860 Эсептин номери: №1350158030000557 “КР Финансы министрлиги (Газа секторунун жарандарына жардам берүүгө акча каражаттарын топтоо үчүн эсеп) “(сом, доллары, […]

Сизге жагышы мүмкүн