Еврейлердин мектебине артыкчылык таанылбаш керектиги айтылды

Автор

Бүгүн, 3-октябрда Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында Билим берүү жана илим министринин кызмат ордуна Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлиги каралды. Жыйында депутат Жусупбек Коргонбай уулу Еврейлердин мектебине артыкчылык таанылбаш керектигин белгиледи.

“Мен 2012-жылы шаардык кеңеште депутат элем. Ошондо, Еврейлердин мектебине муниципалдык имаратты беришип, анысы аз келгенсип, анын коммуналдык төлөмдөрүн да мамлекет төлөйт. Бирок, ал мектепте балдар бекер окуйт дегенди укпадым, сиз ушуну көзөмөлгө аласызбы? Буларга эмне үчүн мындай артыкчылык таанылыш керек”,- деди депутат Жусупбек Коргонбай уулу.

Депутаттын суроосуна билим беүү министри болуп бараткан Догдургүл Кендирбаева “ал Еврика деген мектеп. Макул, сөзсүз карап чыгабыз”,-деди.

Бөлүшүү:
Next Post

Мектептерде 24.440 компьютер жетишпейт

Кыргызстандын мектептеринин 67-70 пайызы компьютер менен камсыз болгон. Бирок, дагы 24.440 компьютер керек. Мындай маалыматты билим берүү министринин милдетин аткарган Догдургүл Кендирбаева  Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитеттин жыйынында билдирди. “Кыргыз Телеком ААК менен түзүлгөн келишимге ылайык 2062 мектептен 1834 мектеп интернет менен камсыз болгон. Ал эми 228 мектеп интернетке […]

Сизге жагышы мүмкүн