Европа Биримдиги (ЕБ) Россия жана Беларусия менен чектеш өлкөлөр чек араларын коргоо үчүн кабыл ала турган шашылыш чараларды талкуулай баштады. Бул тууралуу Европа Комиссиясынын башчысы Урсула фон дер Ляйен билдирди. Ал Польша, Балтика өлкөлөрү жана Финляндия тууралуу сөз болуп жатканын, бул өлкөлөр чек араларында миграциялык көзөмөлдү күчөтөрүн айтты.
Мыйзамсыз миграция менен күрөшүү 17-октябрда ачылган ЕБ өлкө лидерлеринин саммитинин негизги темаларынын бири болду. ЕКнын башчысы эки күндүк саммиттин алдында мурда өзү эле четке каккан сунушун кайра көтөрүп чыкты.