Дүйнө чемпиону U-17: Кыргызстандык балбандар Исаков менен Кахаров чемпиону болушту Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар Курсантбек Исаков менен Рустамжан Кахаров алтын медал утушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Курсантбек Исаков 55 кг чейинки салмак категориясында катышууда. Ал алтын медаль үчүн беттеште кубанын балбаны Иосиф Иван Бахманнды 4:2 эсебинде жеңип, өз салмагында дүйнө чемпиону болду. Балбан финалга чейин алгач Япония, андан кийин Казакстан жана Американын балбанын жеңген. Ал эми 65 кг чейинки салмак категориясында катышкан балбан Рустамжан Кахаров чечүүчү беттеште россиялык балбан Рамазан Абдулкадыровду 7:6 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды. Спортчу буга чейин Иран, Австралия, Грузия жана Казакстандын балбандарын ишенимдүү түрдө жеңип, финалга чыккан болчу.

Автор

Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан күрөш боюнча 17 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбандар Курсантбек Исаков менен Рустамжан Кахаров алтын медал утушту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Курсантбек Исаков 55 кг чейинки салмак категориясында катышууда. Ал алтын медаль үчүн беттеште кубанын балбаны Иосиф Иван Бахманнды 4:2 эсебинде жеңип, өз салмагында дүйнө чемпиону болду. Балбан финалга чейин алгач Япония, андан кийин Казакстан жана Американын балбанын жеңген.
Ал эми 65 кг чейинки салмак категориясында катышкан балбан Рустамжан Кахаров чечүүчү беттеште россиялык балбан Рамазан Абдулкадыровду 7:6 эсебинде утуп, алтын медаль тагынды. Спортчу буга чейин Иран, Австралия, Грузия жана Казакстандын балбандарын ишенимдүү түрдө жеңип, финалга чыккан болчу.

Бөлүшүү:
Next Post

Дүйнө чемпионаты - U17: Өмүрбек Асан уулу эркин күрөш боюнча чемпион болду

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча өспүрүмдөр (U-17) курамасынын мүчөсү Өмүрбек Асан уулу Иорданиянын Амман шаарында өтүп жаткан жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Өмүрбек Асан уулу эркин күрөш боюнча мелдешке 60 килограммга чейинки салмак категориясында күч сынашты. Япония, Украина жана АКШдан келген спортчуларды 4 жолу жеңип алган. Финалда кыргызстандык азербайжандык […]

Сизге жагышы мүмкүн