Дүйнө чемпионаты (U-23): Бүгүн Нурзат Нуртаева жана Сезим Жуманазарова күрөшөт

Автор

Албанияда 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионаты уланууда.
Бүгүн, 23-октябрда дүйнө чемпионатынын үчүнчү күнүндө аялдар күрөшү боюнча таймаштар башталып, балбан кыздар 50, 55, 59, 68, 76 кг салмактарда күч сынашат. Кыргызстандык спортчу кыздардан бүгүн Арууке Кадырбек кызы (55 кг), Сезим Жуманазарова (57 кг) жана Нурзат Нуртаева (68 кг) күрөшөт.
Белгилей кетсек, мелдеш 21-октябрда башталган, 27-октябрда жыйынтыкталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Kan: Учкучсуз учак Израилдин премьер-министринин бөлмөсүнө тийген

Ливандын «Хезболла» кыймылы тарабынан 19-октябрда Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяхунун резиденциясына карай учурулган дрон анын үйүнүн уктоочу бөлмөсүнүн терезесине тийип, зыян келтиргенин Израилдин мамлекеттик Kan радиостанциясы кабарлады. Чабуул маалында эч ким жабыркаган жок. Нетаньяху үйүндө болгон эмес. Kan радиостанциясынын маалыматына ылайык, ошол күнү резиденцияга карай эки дрон учурулган, алардын бири Кесариядагы […]

Сизге жагышы мүмкүн