Дүйнө чемпионаты (U-23): Бекзат Алмаз уулу коло медалга ээ болду

Автор

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Бекзат Алмаз уулу Албаниянын Тиран шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында коло медалга ээ болду. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, спортчу 57 кг чейинки салмак категориясында алгач 1/8 финалда түркиялык балбанды жеңсе, ¼ финалдык беттеште беларусиялык спортчуну уткан. Жарым финалда россиялык балбанга жеңилип калган.

Ал эми коло медаль үчүн беттеште казакстандык балбанды жеңип, 3-орунду ээледи.

Бөлүшүү:
Next Post

Көлбаевдин мамлекетке алынган жылкылары аукциондо сатылат

Кримтөбөл Камчы Көлбаевдин мамлекетке алынган асыл тукум жылкылары аукциондо сатылат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында К. Көлбаев тарабынан акча каражатына сатып алынган 15 асыл тукум жылкылар аныкталды, кылмыш ишинин натыйжасында, анын жалпы суммасы ведомстволор аралык баалоо комиссиясынын корутундусу боюнча […]

Сизге жагышы мүмкүн