Дүйнө чемпионаты – U-17. Кутман Калбаев финалга чыкты

Автор

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасынын мүчөсү Кутман Калбаев дүйнө чемпионатынын финалына чыкты.Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайыкк, спортчу мелдешке 51 кг чейинки салмак категориясында катышууда. 1/8 финалдык беттеште Армениянын балбанын Саркис Арутюнянды 13:3 эсебинде, 1/4 финалдык беттеште грузиялык Юрий Чапидзени 7:2 эсебинде жеңди.
Жарым финалдык беттеште ирандык Аболфази Карамегаиди 8:7 эсебинде утуп финалга чыкты.
Эми ал чечүүчү беттеште азербайжандык Туран Дашдамиров менен күч сынашат.
Белгилей кетсек, дүйнө чемпионаты Иорданиянын Амман шаарында өтүп жатат. Ага 17 жашка чейинки спортчулар катышууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Бүгүнкү доллардын курсу

Бүгүн, 21-август саат 09:30га карата Кыргызстандын коммерциялык банктарда жана акча алмаштыруучу жайларда 1 долларды сатып алуу 85 сом 60 тыйын болсо, сатуу 86 сом 10 тыйынга чейин болууда. Ал эми Улуттук банкта 1 доллардын курсу 85 сом 67 тыйын деп көрсөтүлгөн Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн