Дүйнө чемпионаты: Тайырбек Жумашбек уулу коло байгенин ээси болду

Автор

Кыргызстандын эркин күрөш боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Тайырбек Жумашбек уулу Белград (Сербия) шаарында өтүп жаткан Дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду.

Спортчу 61 кг салмак даражасында беттешип, алгач Азербайжандык балбынды 5:0 эсебинде,  чейрек финалда Түркиялык балбанды 4:2 эсебинде утуп жарым финалга жолдомо алган.

Ал эми жарым финалда АКШ балбаны Виталий Аруджау менен күч сынашып жеңилген.

Коло байге үчүн күрөштө Тайырбек Жумашбек уулу Жапониялык балбанды 2:1 эсебинде жеңип, 3-орунду ээледи.

Бул медаль Кыргызстан үчүн Сербияда өткөн турнирде биринчи медаль болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Президент АКШга келип конду

Президент Садыр Жапаров  бүгүн,  18-сентябрда АКШнын Нью-Йорк шаарына келип конду. Ал БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясына катышат. «Сапардын алкагында президент БУУнун саммитинин ишине Туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммиттин Лидерлеринин диалогуна катышат, БУУнун Башкы ассамблеясынын жалпы дебаттарында сөз сүйлөйт, ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин башчылары жана АКШнын президенти Жо Байдендин биринчи саммитине […]

Сизге жагышы мүмкүн