Дүйнө чемпионатында кыргыз балбаны алтын медаль жеңди

Автор

Кыргызстандын сурдо грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү Нарту Абдурахманов Дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, спортчу 97 кг чейинки салмакта катышып, алгач 1/4 финалдык беттеште ирандык балбанды жеңген.

Жарым финалда казакстандык балбанды утса, ал эми финалдык беттеште түркиялык балбанды жеңип, алтын медалга ээ болду.

Белгилей кетсек, мелдештер Бишкек шаарындагы Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтүп жатат. 3-сентябрда башталган чемпионат 11-сентябрда жыйынтыкталмакчы.

Бөлүшүү:
Next Post

7-сентябрга карата аба ырайы

Эртең, 7-сентябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.   Абанын температурасы:   Чүйдө түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28,   Таласта түнкүсүн 5…10, күндүз 21…26,   Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн 11…16, күндүз 28…33,   Ысык-Көлдө […]

Сизге жагышы мүмкүн