Дүйнө чемпионатында Кутман Калбаев күмүш медаль утту

Автор

Кыргызстандык балбан Иорданияда грек-рим күрөшү боюнча жаштар арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчу мелдешке 51 кг чейинки салмак категориясында катышты. 1/8 финалдык беттеште Армениянын балбанын Саркис Арутюнянды 13:3 эсебинде, 1/4 финалдык беттеште грузиялык Юрий Чапидзени 7:2 эсебинде жеңди.
Жарым финалдык беттеште ирандык Аболфази Карамегаиди 8:7 эсебинде финалга чыгып, азербайжандык балбан Туран Дашдамировго утулуп, күмүш медалдын ээси болду.

Бөлүшүү:
Next Post

23-августка карата аба ырайы

Кыргызгидрометтин билдиришинче, 23-августта түнкүсүн Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Ош, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Ош, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Чүй, Талас, Жалал-Абад, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда, Талас, Баткен облустарынын […]

Сизге жагышы мүмкүн