Дүйнө чемпионатына тандоо: Бүгүн Кыргызстан БАЭ курамасы менен беттешет

Автор

Бүгүн,14-ноябрда Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын футбол курама командалары беттешет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, оюн БАЭнин Абу-Даби шаарындагы «Мухаммад ибн Заед» стадионунда өтүп, Бишкек убактысы боюнча саат 22:15те башталат.
«Ак шумкарлар» кызыл, атаандаштары ак кийимчен ойношот.
Эскерте кетсек, Кыргызстан дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү баскычында 4 оюн өткөрдү. Буга чейинки беттештеринде Кыргызстан Иранга 1:0, Өзбекстанга 2:3 жана Катарга 1:3 эсебинде жеңилип, төртүнчүсүндө Түндүк Кореяны 1:0 менен уткан.
Төрт оюндун жыйынтыгы менен «ак шумкарлар» 3 упайы менен өз тайпасында бешинчи орунду ээлөөдө. Биринчи орунда Иран (10 упай), Өзбекстан экинчи (10 упай), андан кийин Бириккен Араб Эмираттары (4 упай), Катар төртүнчү (4 упай) жана Түндүк Корея (2 упай) акыркы орунда турат.

Бөлүшүү:
Next Post

Түркия Израил менен мамилесин үздү

Түркия Израил менен дипломатиялык мамилесин токтотконун өлкө башчысы Режеп Тайип Эрдоган билдирди. “Биз, Түркия Республикасы мамлекет жана өкмөт катары, Израил менен болгон мамилебизди үздүк. Азыркы учурда Израил менен эч кандай мамилебиз жок”,-деп баса белгиледи ал. Эрдоган кошумчалагандай, Анкара келечекте кызматташтыкты өнүктүрүүгө эч кандай кадамдарды жасаган жок. 2023-жылдын октябрь айында Газа […]

Сизге жагышы мүмкүн