Дүйнө буркан – шаркан түшүп, алдуусу алсызын чайнап өзгөрүүдө. Ага ал жетпейт! Аюу, бүркүт, ажыдаар тебиши эмне менен бүтөөрүн бир ЖАРАТКАН билет.
Божомол көп. Аны укканы келгендер Путинге келип, орус өкүмдарга айласыз суктанып кетишти. Жарыктык Орусия жок болсо, дүйнөнүн да кереги жок, коркпойм дагы, кол салганыңар тыптыйпыл болосуңар, кепке келгенди билесиңер, Украина – Карабах үлгү деген кепти ачык эле айтты. Жөнөкөй эмес публика анын сөзүн бекемдей, интервью беришти. Мага жакты! Өлкөсү үчүн бардык тебишке даяр. Анан биз, Кыргыздар Камчылар менен алек. Ыйлаганы, мактаганы, сыланган генералдар, жетип барган баш прокурор, аконит… Кантип иликтенет дегенге башымды да ооруткум келбейт! Милициядан тыңдар жыргап, кантор тыңдар баш чайкап турганы ойлонтту. Кирип барып, атып салгандан кийин, башына сайылган акча келээр бекен дегендер да жок эмес!
Датка Муслимова