Дүйнөнүн лидерлери жана саясатчылар АКШдагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткенин жарыялаган республикачы Дональд Трампты куттуктап жатышат.
Аны Франциянын президенти Эммануэль Макрон, Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Литванын президенти Гитанас Науседа, Латвиянын президенти Эдгарс Ринкевич, Украинанын президенти Владимир Зеленский, Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху, Сербиянын президенти Александр Вучич, Австриянын канцлери Карл Нехаммер, НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте, Сальвадордун президенти Наиб Букеле жана Италиянын вице-премьер-министри Маттео Сальвини социалдык тармактарда куттуктоолорун жазышты.
АКШдагы президенттик шайлоо 5-ноябрда өттү. Мындан тышкары, америкалыктар Өкүлдөр палатасына шайлоо өткөрүп, Сенаттын үчтөн бирин, ошондой эле 11 штат жана эки аймактын губернаторлорун тандашты. Сенатта республикачыларга көпчүлүк орунду алууга мүмкүн болду.