Дүйнө кубогу : Кыргызстандык самбочулар 13 медаль утушту

Автор

Чолпон-Ата шаарында самбо боюнча өткөн дүйнөлүк кубокто Кыргызстандын курама командасы 13 медаль жеңип алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин билдиришти.
Маалыматка ылайык, команданын эсебинде 13 медаль бар: 2 күмүш жана 11 коло. Мелдешке 14 өлкөдөн 250дөн ашык спортчу катышты.
Күмүш медаль ээлери:
– Саяк Бараканов (64 кг, күжүрмөн самбо);
– Адилет Кубаныч уулу (64 кг, спорттук самбо).
Спорттук самбо боюнча эркектер арасында коло медаль ээлери:
– Байэл Жакшылыков (79 кг);
– Жамалбек Асылбек уулу (88 кг);
– Фарух Мамажанов ( 88 кг),
– Шахрер Идирисов (98 кг);
– Бекболот Токтогонов (98+ кг).
Эркектер арасында күжүрмөн самбо боюнча коло медаль ээлери:
– Курманбек Замирбек уулу (71 кг);
– Шерзат Кудайбердиев (71 кг).
Мындан сырткары, кыз-келиндер арасында 54 кг чейинки салмакта спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча Акак Үсөн кызы 3-орунду ээледи.
Ал эми спорттук самбо боюнча Канышай Аманкулова 50 кг чейинки салмак категориясында коло медалга ээ болду.

Бөлүшүү:
Next Post

Аттракциондогу өрттөн 65 адам жабыркады

Германиянын Саксония федералдык жергесинде жыл сайын өтүүчү “Highfield” музыкалык фестивалы учурунда аттракциондо чыккан өрттөн кийин он алты адам ооруканага жеткирилди. Жабыркагандардын саны 65 адамды түздү. Алгач кабиналардын биринен от чыгып, экинчисине жайылган. Себептери азырынча тактала элек, окуя боюнча тергөө жүрүп жатат. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн