Баскынчы Израил бийлигинин мусулмандарга болгон кордугу Рамазан айында күч алды. Израил куралдуу күчтөрү “Акса” мечитине кол салып, намаздагы мусулмандарды желим жана көздөн жаш агызуучу октор менен аткылады. Израилдеги улуттук “Песах” уюмунун Хамрусуз майрамына байланыштуу палестиналык жаштар аталган уюмдун баскынчы саясатына нааразылык көрсөтүп, жыйынтыгында, эки тараптын кагылышуусу орун алган. Митинг учурунда “Акса” мечитине баш калкалаган мусулмандарды Израилдин куралдуу күчтөрү бастырып киришти. Израил бийлигинин зомбулугуна дүйнө мусулмандары нааразычылыгын билдирип жатат.