Дүйнөнүн эң мыкты футбол академиялары аталды

Автор

Эл аралык спорттук изилдөөлөр борборунун (CIES) эксперттери дүйнөдөгү футбол чемпионаттарындагы абалды талдап, “Барселона” менен “Реал Мадриддин” окуучулары эң көп суроо-талапка ээ деген тыянакка келишти.
Дүйнө жүзү боюнча 60 футбол лигасында жүргүзүлгөн байкоолордо 101 оюнчунун “Барселона” менен “Реал Мадриддин” академиясынын диплому бар экени аныкталган.
Мында 15 жаштан 21 жашка чейин бул академияларда үч жылдан кем эмес билим алган футболчулар эске алынган.
Дүйнөдөгү эң мыкты академиялары бар 10 клубдун катарына бир катар белгилүү командалар кирди: ПСЖ (75 оюнчу), Лион (69), Манчестер Юнайтед (60), Ман Сити (57), Вильярреал (56), ” Арсенал” (54). Валенсия (54) жана Бавария (54).
Испан футболунун эки гиганты Реал Мадрид жана Барселона бул жылы Европа чемпиондугун жеңүүнү максат кылууда. Эгерде Ла Лигада королдук команданын кубокту алуу ыктымалы жогору болсо, УЕФАнын Чемпиондор Лигасында командалардын мүмкүнчүлүктөрү бирдей болууда.

Бөлүшүү:
Next Post

Бишкекте 4,5 миңден ашык бош жумуш орундары бар

Бишкек боюнча 4,5 миңден ашык бош жумуш орундары бар. Бул тууралуу Бош орундар жана кесиптер жарманкесининде белгилүү болду. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин маалыматына караганда жарманкеде Бишкек шаары боюнча ар кандай ишканалардан жана уюмдардан 4 миң 500дөн ашык бош жумуш орундар сунушталды. Министрлик ишке орноштуруу кызматынын адистери жумушка орношууга […]

Сизге жагышы мүмкүн