Ааламдагы эң кичинекей, бармактай роза гүлүнүн аты Си (Si) жана испанча мааниси “Ооба” дегенди билдирет. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазууда.
Маалыматка ылайык, бул бармактай кооз роза гүлүн, индиялык ботаник Судхир Хетават өстүрүп келет. Бул гүлдөрдү жакшылып көрүү үчүн көз айнек же чоңойтуп көрсөтүүчү айнек керек болот.
Кичинекей розанын ачыла элек бутону болгону -5 миллиметр. Болгону тырмактай болгон гүл ачылганда анын көлөмү бир сантиметрге чейин жетет. Бул миниатюрный розаны өстүрүүгө ботаник Судхир Хетаватга бир канча жыл кеткен. Гүлдүн эксперимент сорту petite polie түрүнө кирет. Адегенде бул гүлдөр чакан пирамиде өстүрүлүп,электромагниттик нурлар менен өсүүсүн акырындатып койгон.