Маск дүйнөдөгү эң бай адамдардын рейтингинде биринчи орунга чыкты
Америкалык бизнесмен Илон Маск “Bloomberg” индекси боюнча дүйнөнүн эң бай 500 адамынын рейтингинде биринчи орунда турат. Басылма миллиардердин байлыгы 234 миллиард доллар экенин жар салды.
Бүгүн жарыяланган статистикага ылайык, Масктын байлыгы ушул жылдын биринчи жарымында 96,6 миллиард долларга өскөн.
Экинчи орунда байлыгы 200 миллиард долларга бааланган француз люкс буюмдарын өндүрүүчү LVMH компаниясынын ээси Бернар Арно турат. Жыл башынан бери өсүш 38,2 млрд долларды түздү.
Жалпысынан дүйнөдөгү эң бай 500 адам биринчи жарым жылдыкта байлыгын 852 миллиард долларга көбөйткөн.