Дүйнөлүк чемпионаты: Кыргызстандыктар джиу-джитсу боюнча байгелүү орундарды ээлешти

Автор

Кыргызстандык спортчулар 16-дүйнөлүк бразилиялык джиу-джитсу чемпионатында байгелүү орундарды ээлешти. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, чемпионат 6-16-ноябрь аралыгында Бириккен Араб Эмираттарынын Абу-Даби шаарында өттү.
Мелдешке 137 өлкөдөн 9 миңден ашык спортчу катышты.
Кыргызстандын атынан Top Team Kyrgyzstan клубунун спортчулары катышты. Аларды машыктыруучу Рахим Хиймамов жетектеп барды.
Клубдун спортчулары фестивалдык система боюнча балдар арасында жана өспүрүмдөр арасында төмөнкүдөй байгелүү орундарды ээлешти:
Фестивалдык система (балдар):
Абдулазиз Шисыр (ак кур) — 1-орун, 10-11 жаш, 27 кг;
Абдураззак Киваза (ак кур) — 2-орун, 4-5 жаш;
Далил Хиймамов (боз кур) — 3-орун, 8-9 жаш, 24 кг;
Акмал Киваза (боз кур) — 3-орун, 8-9 жаш, 30 кг.
Өспүрүмдөр арасындагы дүйнөлүк чемпионат:
Нур Али Шамузза (боз кур) — 3-орун, 10-11 жаш, 30 кг;
Абдухалим Керимов (сары кур) — 3-орун, 10-11 жаш, 27 кг;
Байхан Жекшенбеков (кызгылт сары кур) — 3-орун, 10-11 жаш, 34 кг;
Салих Макеев (боз кур) — 3-орун, 14-15 жаш, 42 кг;
Ариф Хиймамов (жашыл кур) — 2-орун, 14-15 жаш, 46 кг;
Салим Хунлов (көк кур) — 3-орун, 16-17 жаш, 81 кг.

Бөлүшүү:
Next Post

Байден Нетаньяхуну камакка алуу ордерине нааразы болду

АКШ президенти Жо Байден Эл аралык кылмыш сотунун (ЭКС) Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен мурдагы коргоо министри Йоав Галантты камакка алуу боюнча ордер чыгарышын «оор кесепеттүү кадам» деп атады. Бул тууралуу билдирүү Ак сарайдын расмий сайтында жарыяланды. Жо Байден АКШ Израилдин коопсуздугуна коркунуч жаралган учурда ар дайым анын жанында болорун […]

Сизге жагышы мүмкүн