Дүйнөлүк оюндарда Кыргызстан 10-орунга көтөрүлдү

Автор

Кыргызстандык спортчулар Сауд Арабиянын борбору Эр-Риядда өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк оюндарда 10-орунга көтөрүлүштү.

Учурда  Кыргызстандын эсебинде 4 алтын, 2 күмүш, 7 коло медаль бар.

Казак күрөшү боюнча кыз-келиндер арасында 60 кг салмакта Бегай Бейшеналы кызы, алыш күрөшү боюнча эркектер арасында 90 килограмм салмакта Азизхан Мусабек уулу, 70 килограмм салмакта Марлен Абдрасулов, кыз-келиндер арасында 55 килограмм салмакта Элзада Момунжанова алтын медаль алышты.

Эр-Рияддагы Бүткүл дүйнөлүк оюндар 25-октябрда башталган. Кыргызстандын спортчулары оюндардын 15 түрүнөн күч сынашып жатат. Турнир 30-октябрда жыйынтыкталат.

Бөлүшүү:
Next Post

Кыргызстанда айыл чарба продукциясынын экспортунун көлөмү көбөйдү

Кыргызстанда айыл чарба продукциясынын экспортунун көлөмү 20.7 млрд сомду түздү 2023-жылдын 8 айында 20 млрд 689 млн сомдук айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайынын продукциясы экспорттолду. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, 2023-жылдын 8 айында айыл чарба азыктарынын импорту республиканын импортунун жалпы көлөмүндөгү үлүшү 9.3% түздү. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн