Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына алыш күрөш боюнча кайсы балбандар барат?

Автор

8-13-сентябрь күндөрү Астана шаарында өтө турган Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында Алыш бел боо күрөшү боюнча мелдештер өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын атынан жалпы 12 балбан классикалык стиль боюнча катышат.
Курама команданын тизмеси:

Эркектер арасында:
— Баяман Абидинов;
— Калысбек Каюмов;
— Ирлан Казбек уулу;
— Азизхан Мусабек уулу;
— Арген Джакенов;
— Иманали Сагынали уулу;

Кыз-келиндер арасында:

— Элзада Момунжанова;
— Айгиза Дастан кызы;
— Нурзат Бактыяр кызы;
— Динара Камчыбекова;
— Феруза Курстанбек кызы;
— Нагира Сарбашова.

Курама команда башкы машыктыруучу Каныбек Абытовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат

Эске сала кетсек, 8-сентябрдан 14-сентябрга чейин Астанада V Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтөт. Ага 100дөн ашык мамлекеттен жана 4 миңге жакын адамдын катышуусу күтүлүүдө. 2014, 2016 жана 2018-жылдары Дүйнөлүк оюндар Кыргызстанда, 2022-жылы Түркияда өткөн

Бөлүшүү:
Next Post

Барымтадагыларды бошотуу учурунда 4 кызматкер көз жумду

Волгограддын түштүк-батышындагы абактагы баш аламандыкта Россиянын Федералдык жаза аткаруу кызматынын (ФСИН) төрт кызматкери набыт болду. Тополоң чыгаргандар же адамдарды барымтага алган камактагы төрт киши жок кылынганы маалым болду. 23-август күнү Волгоград облусунун Суровикино шаарындагы №19 колонияда абак кызматкерлерин барымтага алуу болгон. Бул окуя тартип комиссиясынын жыйыны учурунда катталган. Кызматкерлерди барымтага […]

Сизге жагышы мүмкүн