Дүйнөлүк банк Кыргызстанга 50 млн доллар берет

Автор

Дүйнөлүк банк Бишкек шаарындагы абанын булганышын жөнгө салууга 50 млн доллар насыя берет. Кечээ, финансы министри Бакыт Бакетаев менен Дүйнөлүк банктын ортосунда тиешелүү макулдашууга кол коюлду.
Финансы министринин орун басары Руслан Татиков социалдык тармактагы баракчасына пост жазып, насыя 50 жылга берилерин жана каражат төмөнкү багыттарга жумшаларын белгиледи:
жеке секторго жылуулук насосторун сатып алууга;
Бишкек шаарын жашылдандырууга;
абанын булганышын анализдөөчү эколабораторияны куруп, жабдуулар менен камсыздоого;
абанын сапатын мониторингдеген 11 автоматтык станцияны орнотууга;
мобилдүү 8 станцияны модернизациялоого.

Бөлүшүү:
Next Post

БУУ Газадагы кыйроолорго спутник аркылуу баа берди

БУУнун Спутник борбору (UNOSAT) Израилдин ХАМАС кыймылы менен согушунун натыйжасында Газа тилкесиндеги кыйроолордун масштабына баа берди. Спутниктен тартылган сүрөттөрүнүн негизинде UNOSAT Газа тилкесиндеги бардык имараттардын 18 пайызы согуштун натыйжасында талкаланган деген жыйынтыкка келген. Анализге ылайык, анклавдагы 10 049 имарат талкаланып, 8 243ү оор, 19 087си орто бузулган. Жалпысынан 37 379 […]

Сизге жагышы мүмкүн