Дүйнөдө кеңири жайылган ырым-жырымдар

Автор

Дүйнөдө кеңири жайылган ырым-жырымдар
1. Кара мышык
Баардыгыңызга белгилүү болгондой көп өлкөлөрдө жолдон кара мышык өтсө бир жамандык болоору маанисине келет. Бир жагынан Жапония, Англия жана Ирландия сыяктуу өлкөлөрдө кара мышык ийгилик алып келээрине ишенишет.
2. Сынык күзгү
Сынык күзгүнүн бактысыздык алып келээри өтө жайылган ишеничтердин бири. Бул ишенич дагы күзгүнүн пайда болушунун адамдын рухунун бир бөлүмүн чагылдыргандан чыккан. Ал ишеничке караганда күзгү сынганда адамдын рухунун да бир бөлүгү талкаланат.Ошондуктан кээ бир өлкөлөрдө бирөө каза болгондо үйүндөгү күзгүлөрдү ыргытат же үстүн жаап коет. Муну менен өлгөн кишинин руху күзгүдө калбастан үйдөн учуп кетээрине ишенишет.
3. Тепкичтердин алдынан өтүү.
Өтө жайылган ишеничтердин бири дагы тепкичтердин алдынан өтүү. Бул ишеничтин кайдан келгенине тийешелүү түрдүү пикирлер болсо дагы эң так жана ачык себептеринин бири – тепкичтердин алдынан өтүүнүн кооптуулугу. Эң башкысы саламаттыгы жана коопсуздугунан улам бул ырым-жырымдарды көпчүлүгү карманышат.
4. ’13’ саны
Бул сандан жамандык алып келээри кайдан чыккандыгы белгисиз болсо дагы өтө кеңири жайылган ишеничтерден. Өтө коркунучтуу 13 саны фобиясы медицинада “Трискаидекафобия” деп аталат. Бул сандан коркондуктун айынан көпчүлүк учактарда 13 номерлүү орундуктар жок. Орундуктардын 12ден 14кө жылып кетет. Көп кабаттуу үйлөрдө 13-кабат же батирлер алынып салынган. Ал эми Италия жана Кытайда 13 саны бактылуулуктун саны катары билинет.
5. Бармактарды шакылдатмак.
Кайсы бир өлкөлөрдө бирөөгө убада бергенде бармактарын шыпылдатмасы сөзгө турбагынын билдирет. Ал эми кайсы бир маданияттарда бул белги жакшылыкты калоо -тилеги катарында билинет.
6. Орусияда жайылган ырым-жырымдар.
Орусияда дайыма жуп сандагы гүлдөр берилбейт. Куттуктоодогу гүлдөр так санда болушу шарт. Дагы бир жайылган ырым-жырымдардын бири кокустан алдына бирөө суу төксө акчаң жоголот.

Бөлүшүү:
Next Post

Россияда жумушчулар жетишсиз болууда

Россиянын эмгек рыногу кадрлардын жетишсиздигине дуушар болууда. Ал жакта чабармандар, жүк ташуучулар жетишсиз. Мурда жогорку квалификациялуу адистердин жетишсиздиги байкалса, азыр турак-жай-коммуналдык чарба, курулуш жана материалдык-техникалык жактан жабдуу тармагында жумушчулардын жетишсиздиги курч маселе болуп турат. Компаниялар айлыктын жардамы менен бул көрүнүш боюнча күрөшүүгө даяр. Бөлүшүү:

Сизге жагышы мүмкүн